www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Северэлектро” ААК 2019-жылы Бишкек шаарындагы 0,4 кВ аба электр чубалгыларынын 151,5 чакырымын өзүн өзү кармап туруучу изоляцияланган зымдарды колдонуу менен реконструкциялайт. 

Жаңы зымдарды монтаждоо жана тартуу иштери шаардын чыгыш бөлүгүндөгү Учкун, Алтын-Ордо, Кара-Жигач, Ак-Тилек, Чалбай, Каинды конуштарында; батыш бөлүгүндөгү  Көлмө, Киргизия-1, Ынтымак конуштарында, Махатма Ганди көчөсүнөн тарта чоң Чүй каналынын түндүк бөлүгүндө жана шаардын борбор бөлүгүндөгү кээ бир көчөлөрүндө жүргүзүлөт.

Өзүн өзү кармап туруучу изоляцияланган зымдар кичине салмакта болот жана  кардын жабышып, тоңуп калуусуна туруктуу, катуу шамалдын тирөөчкө болгон таасирин төмөндөтөт. Себеби, көбүнчөсүндө электр энергиянын өчүрүлүшүнө бак-дарактардын бутактары аба чубалгыларга кулап, үзүп кеткендиги себеп болот. Ал эми жамгырда зымдарга тийген бутактар жана сөңгөктөр узатуучуга айланып, ал аркылуу ток жерге агылат.  Бутактардын зымдар менен  тийишүүсүнөн көп учурда учкун пайда болот, бул өрт пайда болуу коркунучун жогорулатат.

“Северэлектро” ААКнын балансында Бишкек шаары боюнча 2 560 чакырым  0,4 кВ чыңалуусундагы аба электр чубалгылары бар, анын 1 164,2 чакырымы 2011-2018 ж.ж. өзүн өзү кармап туруучу изоляцияланган зымдарга алмаштырылган.

МААЛЫМКАТ

Жалпысынан 2019-жылы “Северэлектро” ААК боюнча өзүн өзү кармап туруучу изоляцияланган зымдарды колдонуу менен 514 чакырым аба электр чубалгылары реконструкцияланат, анын ичинен:

Бишкек шаарында-151,1 чакырым,

Чүй облусунда – 362,2 чакырым,

Талас облусунда – 36,3 чакырым

«Северэлектро» ААК басма сөз кызматы

Website: se.kg

www.facebook.com/ОАО «Северэлектро»

Одноклассники: https://ok.ru/oao.severelektro

YouTube: распредкомпанияСеверэлектро

E-mail: [email protected]

Tel:  +996 33 85 97

Fax: +996 33 87 38

Булак: NazarNews.kg

Последние новости