www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Американын президенти Дональд Трамп Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Инден коронавируска каршы күрөшүү үчүн жардам берүүсүн сурады. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Түштүк Кореянын президентинин аппараты билдирүү жасап, Трамп кесиптеши менен телефондо сүйлөшүүсүндө Сеул коронавируска каршы күрөшүү үчүн жардам бере турган болсо, Вашингтон дагы Түштүк Кореялык компанияларга АКШнын азык-түлүк жана дары-дармектерин алууларын жеңилдетерин билдиргенин маалымдады.

Белгилей кетсек, эки өлкөнүн сүйлөшүүсү 25-март күнү кечки 22:00до (16.00 мск) болгон. Ошондой эле Трамптын шашылыш өтүнүчү тууралуу сүйлөшүүсү 23 мүнөткө созулуп, 2020-жылдагы эки президент үчүн биринчи жолку чакырык болду.

Учурда Америкада илдетке чалдыккандардын саны өсүп жаткандыктан, диагностикалык жабдуулардын жетишсиздигине дуушар болушууда.

Акыркы маалыматтарга таянсак, АКШда илдетти жуктурган жаңы 8666 учур катталып, жалпы вируска чалдыккандардын саны 52400гө жетти. Ал эми коронавирустан дагы 24 саат ичинде 120 адам каза таап, жалпы саны 673гө жеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости