www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Бишкекте иштеп, бирок башка аймактарда жашаган кишилер иштеген жеринен маалымкат алышы керек. Мен шаардын коменданты катары айтам, журналисттердин ишине эч кандай чектөө жок. Штаб менен сүйлөшүп, канча журналистке беребиз, аккредитациядан кандай өткөрүү боюнча билдиребиз. Мен билгенден журналисттер топтошуп иштебейт. Андыктан коркунучтуу эмес”, - деди Орозалиев.

Эске сала кетсек, Бишкек шаарында жалпы 41 блок-пост коюлган. Өзгөчө абал режими киргизилген аймакка жергиликтүү каттоосу жок жарандардан башкаларга кирүүгө тыюу салынган. Коменданттык саат 20:00дөн тартып эртең мененки саат 07:00гө чейин уланат. Маршруттук баракчаны кагаз бетине кол менен толтурса болот. Ошондой эле коменданттык сааттан сырткары учурда тамак жеткирүү кызматын көрсөткөндөргө, улгайган ата-энелерине азык-түлүк жеткире тургандарга уруксат берилди.

Такси жана коомдук транспорттун иши толугу менен токтотулду, эгер бузуулар болсо, алардын жетекчилерине карата тийиштүү чаралар көрүлөт.

Банктар жана алардын филиалдары дагы күндүзгү убакытта, кардарларды кабыл алуу жана тейлөө боюнча иштелип чыккан убакыт регламентине ылайык иштешет.

Санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди бузууга 1000 сом өлчөмүндө административдик айып каралган.

Өзгөчө абал режими тууралуу бардык суроолор боюнча 66 06 16; 66 07 10; 66 21 34; 66 02 48 номерлери боюнча кайрылсаӊыз болот

Булак: NazarNews.kg

Последние новости