www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчиси Тедрос Гебреисус Женевадагы брифингде жарандардын өзүн-өзү изоляциялоосу жана жүрүшүнө чектөө салуу менен COVID-19 инфекциясын толук түрдө жоюуга мүмкүн эместигин айтты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Анын айтымында, мындай иш-чаралар илдет менен күрөшүүдө жардам берет, бирок өмүрдү сактап калуу үчүн мындай кадам жетишсиз. “Сиз мүмүкүнчүлүктөрдүн терезесин ачтыңыз. Бирок сиз аны кандай колдоно аласыз, маселе мына ошондо”,-дейт ДССУнун жетекчиси.
Анын сөзүнө караганда оорунун жайылып кетишинин алдын алуунун 6 ыкмасы бар:
--ден соолукту чыңдоо;
--бейтапты көзөмөлгө алууга даяр болгон медициналык кызматкерлерди даярдоо;
--инфекцияны жуктургандардын баарын аныктап, коронавирусту аныктоочу тесттерди көбөйтүү;
--бейтаптарды кабыл ала турган кошумча ооруканаларды даярдоо;
--бейтаптар менн байланышта болгондордун баарын так көзөмөлдөө;
--бардык күчтү илдетке гана жумшоо.
“Бул чаралар токтошун гана камсыз кылбастан, эпидемия убагы бүткөндөн кийин да кайра оорунун жаңыланышына жол бербөөгө жардам берет. Эгер сиздер мектептерди, ишканаларды ачып жатсаңыз, анда кайрадан жабуу үчүн ачып жатасыз.
Табуу, изоляциялоо, тестирлөө, дарылоо, көзөмөлдөө-мына ушулар келечекте кайрадан боло турган чектөөлөрдүн алдын алат”,-дейт Тедрос Гебреисус.
Эске салсак, Джон Хопкинс университетинин маалыматына караганда коронавирус илдети менен дүйнө жүзү боюнча 460 миңден ашуун киши жабыркоодо. Ал эми анын 20 857си каза болсо, 113 600 киши айыгып кеткен. Каза болгондордун көпчүлүгү Италия, Испания, Кытай, Иран, Франция мамлекеттеринин жарандары.
Булак: NazarNews.kg