www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖМКлар анын Баткенге сапарын чек арадагы чыр-чатактар ​​менен байланыштырышкан.

 АКШ Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчи кызматына талапкер катары Брайан Стиммлерди көрсөттү. Бул тууралуу АКШнын президентик администрациясынын сайтында жарыяланган.

Ак үйдүн маалыматына караганда, Брайан Стиммлер — кеңешчи даражасындагы дипломатиялык кызматтын офицери. Учурда ал АКШнын Мамлекеттик департаментинин Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча бюросунда Борбор Азия иштери боюнча башкармалыгынын директору болуп иштейт.

Стиммлер буга чейин АКШнын Бишкектеги элчилигинде миссия башчысынын орун басары болуп иштеген. Ага чейин АКШнын Софиядагы (Болгария) элчилигинде коомчулук менен байланыш бөлүмүн жетектеген жана Ашхабаддагы (Түркмөнстан) АКШнын элчилигинде коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн кызматкери болгон.

Мындан тышкары, Стиммлер АКШнын Сербиядагы элчилигинде пресс-атташе, Сараеводогу (Босния жана Герцеговина) жогорку өкүлдүн кеңсесинде саясий маселелер боюнча кызматкер болуп эмгектенген. Ошондой эле Токиодо (Япония) жана Вашингтондо иштеген. Орус, болгар жана серб-хорват тилдеринде эркин сүйлөйт.

Кыргыз ЖМКларынын маалыматына ылайык, Стиммлер 2018-жылы Мамлекеттик бажы кызматынын иш-чарасына катышып, кинология бөлүмүнүн окуу программасы үчүн 10 миң доллар берген.

Мындан тышкары, "Саясат.kg" басылмасынын 2020-жылы "АКШ эмне үчүн Баткенге кызыгууда?" деген маалыматында Стиммлердин Баткенге болгон иш сапарынын күнү менен 2020-жылы болгон чек ара жаңжалдарынын датасы салыштырылган.

"Көк-Таш айылында 18-декабрда Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыр чыгып, анда Кыргыз Республикасынын укук коргоо органынын кызматкери жарадар болгон. Дал келүүбү, ким билсин, бирок ошол күндөрү, 17-18-декабрда, АКШнын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Брайан Стиммлер Баткенде жүргөн", — деп жазган басылма.

Дипломаттын эки күндүк иш графиги аябай тыгыз болгону белгиленип, ПРООНдун, Сорос фонду тарабынан каржыланган "Интерньюс" жана "Салам" радиосунун өкүлдөрү менен жолугушканы айтылган.

"Саясат.kg" жазгандай, "америкалыктар Кыргызстандын аймактарындагы кырдаал тууралуу маалымат чогултуп, коомчулуктун маанайын жана көз карашын изилдешкен".

"Америкалык дипломат кыргыз-тажик чек арасындагы (атап айтканда, Ворух анклавындагы) абалга кызыгып, аткезчилик боюнча сурады", — деп жазат "Саясат.kg".

Мындан тышкары, басылма жаз айларында Ворух жана Ак-Сай аймагындагы чек ара чатагы болгон учурда Стиммлер "Баткенге ардактуу конок катары келип, студенттер менен жолугушуп, милициянын бөлүмүнүн жана "Америка бурчунун" ачылышына катышкан.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости