www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс- президент Алмазбек Атамбаевдин бийликке келиши жана анын жылына 60 миллион доллар берип турган «Ганси» авиабазасынын чыгарышы Владимир Путиндин көрсөтмөсү менен болгон. Бүгүнкү учурда АКШ Борбор Азияда өзүнүн таасирин бекемдөө үчүн жан-алакетке түшө баштады. СССР тараган соң Вашингтон табыгий кендерге бай Борбор Азияга көзү түшүп, буларды өз таасирине алыш үчүн катуу чамынган. Ошондон улам, Москва да колунда турган даяр «талканды» аларга бере салбаш үчүн Казакстан, Кыргызстан, Тажикстанды бириктирип Кытайдын Шанхай шаарында бешилтик келишимине кол коюшат. Кийин бул Шанхай кызматташтык уюму (ШОС) болуп өсүп кеткен.

 

1.Экс-спикер Жумабеков Кыргызстандын эмес, өз капчыгынын кызыкчылыгын ойлогон

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Дональд Луну кабыл алган. АКШнын Өкмөтүнө жана элине ыраазычылык билдирген Дастанбек Жумабеков: “АКШ өлкөбүздүн демократиялык негиздерин курууга зор салым кошту. Демократиялык баалуулуктарды өнүктүрүү багытында АКШнын Конгресси менен тыгыз алакада болуу биз үчүн өтө маанилүү ”, – деген. Мындан сырткары жолугушууда кыргыз жарандары үчүн АКШда виза берүү маселесин жеңилдетүү жана экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сүйлөшүүлөр болгон.

Спикер менен элчи АКШда виза берүү маселесин жеңилдетүү боюнча сүйлөшкөн соң эмнеге Дональд Трамп АКШга визага тыюу салынчу мамлекеттердин тизмесинде Кыргызстанды да кошуп койгон.Ошол учурда бул кабар АКШнын жергиликтүү жана дүйнөлүк ММКларында кенен тарап, «дуу» эле болуп калган. “Азаттыкка” окшогон АКШ Конгрессинин май –талканын ашап-көнүп алган үн алгылар кол чаап мындай кабарды тосуп алышкан. Эмне бул да “Азаттыктын” өз мекени Кыргызстанга болгон кыянатчылыгыбы? Кээ бир түшүнбөгөндөр муну «АКШ азыркы бийликке нааразы экен» дешип, кайдагы бир геосаясый себептерди издеп башташты.

Мейли, биздин мамлекет Венесуэла катары каралып калганы, бул АКШнын «ким биз менен болбосо, алар бизге каршы» деген көз карашын карманганы болуп жүрбөсүн? Вашингтон Кыргызстанды Иран, Ливия, Сомали, Сирия, Йемен, Чад, Ирак, Судан, Венесуэла, Корея ЭДР мамлекеттери менен тең карап, Белоруссия, Мьянма, Нигерия, Судан жана Танзания менен бирге кирүүгө тыюу салган мамлекеттердин катарына кошкон. Биз менен ШКУлаш, ЖККУлаш, ЕАЭБдеш Белоруссиядан башкалары канкор, баңгизатка батышкан, желдеттер баш кесерлерге толгон согушчул, эң жакыр мамлекеттер.

Анда эмнеге элчи менен спикер виза берүү маселесин жеңилдетүү маселесин сүйлөшөт. Көрсө, спикер элдин эмес өзүнүн гана жан айласын таппай жаткан экен.

 

2.Спикер менен катар кайсы депутаттар АКШдан 5 жылдык виза алган?

Парламенттин 120 депутаттынын ичинде 15 депутаттын АКШ берген беш жылдык визасы бар, кыргызча айтканда каалаган күнү АКШ мамлекетине кире качса болот:

1. Биринчи орунда СДПК фракциясы турат. СДПКда беш адамдын АКШга беш жылдык визасы бар: Дастан Бекешев, Элвира Сурабалдиева, Аида Касмалиева, Азамат Арапбаев, Жанар Акаев.

2. АКШтын беш жылдык визасын алгандар боюнча экинчи орунда “Кыргызстан” фракциясы турат: Дастанбек Жумабеков, Алмазбек Баатырбеков, Талайбек Масабиров.

3. “Бир бол” фракциясынан фракция жетекчиси Алтынбек Сулайманов баш болуп, Исхак Пирматов төш болуп кошулган. Качып жүргөн Аскар Шадиев да бар.

4. “Манастан Чубак кем бекен?” деген принцип менен “Ата-Мекен” фракциясы алган: Атамбаевге “Кыргыз Эл Баатырын” бергиси келген Сайдулла Нышанов менен Бахадыр Сулайманов.

5. Бабанов жетектеп келген “Республика-Ата-Журт” фракциясынан Динара Исаева.

6. “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан Тынчтык Шайназаров.

Эми буларга бирден токтоло кетели, анткени булар Батыш менен кандайдыр жип менен байланган. Балким, аларга “ышпыйон” болуп сөз тыңшап иштеп жүргөндүр:

 Элвира Сурабалдиева

Улуу Британиянын Бристол университетинин “Эл аралык мамилелер” адистигин алган, англисче шыр билет. Чет элдик өкүлдөр менен дайыма пикир алмашып, бирге чыгып, өзүн келечектеги парламентке өтүп кетиши үчүн аялзатына куйтуңдуп кылып, ар дайым Гендердик маселелер боюнча чыгып турат. Бизнестин битин сыгып, “Кудайберген” баш болгон бизнесинде аялзаттары бала–чакасын бага алышпай отурушат. Көмөк көрсөтсө ошолорго көрсөтө бербейби?

 

Аида Касмалиева

Аида Касмалиева кээде парламентти башкара калганда калпты ышкыртып жиберет. Жыйынга катышкан депутаттардын санын көбөйтүп жиберет. Парламентке отуз депутат катышса, ал 90 деп жибергени бар. “Өрдөктөрү” бар Батыштын басма маалыматтарында узакка иштеген. Айрыкча “Азаттыкта” көп жыл акактады. Америкалык университетте да иштеп, Атамбаевге жагып СДПКдан келген, Атамбаевдин ээри оогондо, биринчилерден саткынчылык кылган. Батышчыл мыйзамдарды жан-дили менен колдоп турат.

 

Дастан Бекешов

Батыш дегенде көздөрү жайнап кеткен, Дастан мырза “Сокурлар жана дүлөйлөр” коомунан ЖКга келген. Чыр чыккан жерде, митингдерде анын жүзү дайыма көрүнүп турат. “Фридом Хаус” жана ЮСАИДдин каржылык колдоосу менен уюшулган иш-чаралардан баткак менен чапкыласа да качпайт. 2019-жылдын 25-ноябрда бийликке каршы өткөн “РЕакция” митингинин уюштуруучусу. Жубайы К.Көкөбаева энеси Л.Тантабаева менен 2018-жылдын декабрынан АКШда жашашат. Дастан Бекешов Кыргызстанды бүлгүнгө учуратып аларга жетип барууга дайым даяр.

 

Азамат Арапбаев

Кээ бир маалыматтар боюнча АКШ аймагында бизнеси бар. Анын уулу Данияр Улуу Британияда окуйт. Былтыркы жылы ал Лондондогу офисте кытайлык компаниялардын CNMC Ltd түстүү металлдарын казып алуу боюнча практикадан өткөн. Азамат мырза АКШ, Улуу Британияга гана эмес Кытайга деле кыргыз элин сатып ийиши мүмкүн. Башкалар тууралуу да сөз болот.

 

Жанарбек Акаев

Батыш дегенде акактап өлүп калуучу “Азаттыкта” иштеген. Депутат болгон соң америкалык дипломаттар менен көз жоосун алган ресторандарда май чайнашкан. Алар менен чет элдик агенттер тууралуу, ЛГБТны үгүттөөгө каршы ар кандай маселелерди талкуулап, АКШ тарапка ат тезегин кургатпай чапкылап турат. Учурда бийликти оодара тартам деп Өмүрбек Текебаевдин “Ата -Мекен” партиясы менен шынаарлашып жүрөт.

 

3. «Азаттык» үн алгысы жана куюлуп келген акчалар

Быйыл тынч кыш мезгили аяктап, чуулгандуу жаз айлары келди. Бийликти алмаштыруу үчүн 3 миллион эле доллар жетет деп ойлошобу, АКШ тиреги болгон “Азаттыкты” күчтөй баштады. Чындыгы, АКШ Кыргызстанды Орусияга каршы Борбор Азияда бекем тылына айлантканы турат. Башкы чуулгандуу окуялар убакыт жылган сайын чукулдап келатат. Учурда мезгил-мезгили менен эч кимге билинбеген ымырт митингдер башталды. АКШ Конгресси “Азаттыктын” кыргыз филиалынын бюджетин эки эсеге көтөргөн. 2019-жылы “Азаттык” үн алгысына АКШ тараптан 1 миллион 700 миң АКШ доллары менен акча каражаттары бөлүнгөн. 2020-жылы АКШ “Азаттык” үналгысына бөлө турган акча каражатынын эсеби 3 миллион долларга жетти.

Ал эми “Сорос-Кыргызстан” фонду журналисттердин иликтөө кызматтары үчүн долбоорго 3 миллион доллар бөлгөн. “Сорос-Кыргызстан” фонду журналисттерди ушул долбоорго таяп, иликтөөлөрдү окута баштайт. Тренинг жана семинарларда бир гана журналисттер болушпайт, окутууга шылтоолонуп бул жерде жаш үгүтчүлөр, активдешкен бийликке каршы саясатчылар да окушат. Батыш дегенде ак эткенден, так этишип, Батыштан “жем жеген” өкмөттүк эмес уюмдар (НПО) жеңдерин түрүнүшүп, бүлгүндү баштоого дайым даяр турушат. Ошондуктан, кыргыз элинин менталитетине туура келбеген жоруктар менен 8-мартта Батыштан жем жегендер чыкса, 10-март күнү ал окуя кайталанмай болду.

Бул эмне деген окшоштук, “Азаттыктын” жылдык бюджети 3 миллион доллар болуп жатса, революция жасоо жаатында бышып жетилген “Сорос-Кыргызстан” фонду да 3 миллион доллар бөлүштү. Же 3 миллион доллар менен гана бийликти алмаштыргысы келип жатышабы? Батыштын очойгон акчасына маарап, Батыштын тескери саясаты менен иш жүргүзгөндөр «отко май тамызып жатышат». Эсиңерге келгиле, эгер араб мамлекетинде болуп жаткандай чыр чыгып кетсе ким жооп берет?

 

4. АКШ эмне үчүн Борбор Азияга каршы акча бөлүп жатат?

Кыргыз элин жалпы эле Борбор Азияны козгогонго Штаттар 4 млрд 200 млн. сомдук накта доллар жөнөтүшкөн. Былтыр ушул мезгилде диппочта Hillwood Airways америкалык авиакомпаниясынын чартердик рейси менен жалпы салмагы 880 килограммдык 26 мөөр басылып, абдан бекемделген ”упаковкада” АКШ элчилигине багытталып келген. Бул жүктү тосуп алыш үчүн Кыргызстандын АКШтагы элчилигинен 15 дипломат 5 автомашина менен барышкан. Мындан көп ондогон тонна дипломатиялык жүк келсе да ордунан козголбогон Штаттан, бул дипжүктү жандап келгендер жүнүн жешет. Демек бул жүк абдан баалуу экени белгилүү.

Бул жүктөрдү текшерүүгө кыргыз тараптын укугу жок. Жакшы байкагандар үчүн бул жүктө айтылбаган сыр бардай, АКШнын Кыргызстандагы элчилиги накталай акча алганы жыттанып турат. Көрсө, чын эле Бишкектин “Манас” аэропортуна 4 млрд 200 млн сомдук 60 млн накта доллар келип түшүптүр.

Штаттын элчилигине мынча акчанын кереги эмне? Буга төмөнкүдөй максаттар себеп болуп жаткандай:

1. 2020-жылдагы парламенттик шайлоо учурунда АКШнын башкы “бомба жардыруучу” Демократияны колдоо боюнча Улуттук фонду (NED) батышчыл жарандык коомдордун, формалдуу эмес жаштар уюмдарынын лидерлеринин жана өлүп-талып, апыртып-жабыртып Батышты жактап-мактаган маалыматчылардын, ушуларга көмөк көрсөткөндөрдүн гранттарын көбөйттү.

2. Бардыгына белгилүү болгондой ушул жалакор адамдардын акча каражатын Кыргызстандык өкмөттүк эмес уюмдар (НПО) бөлүштүргөн. Мунун арасында ЦРУнун тили менен айтканда саясий ыдык көргөн топторбар. Мындай НПОлордун саны он. Ушулар акыркы убакта 786 млн 332 миң сом грант алышкан.

3. Бул акча каражаттары Кыргызстандагы Москва менен мамиле түзүп жаткан мамлекеттик кызматкерлерге каршы пайдаланат. Бишкектин ЖККУ, ЕАЭБ, ШКУ сыяктуу эл аралык уюмдарга жакшы сөздөрдү айткандар тамыр түбүнөн жулунуп, аларга тескери сын айтууга бул акчалар жумшалат.

4. Орусияны көздөй ишмердүүлүккө багыт алган мыйзамдарды, нормативдүү актыларды жокко чыгарган НПОлордун иш-аракети кубатталат.

5. Кыргызстанга чек аралаш Өзбекстан жана Тажикстан менен болгон мамилесин татаалдантыш керек, ушундан улам чек арада ортого “от ташталып” чек арада чатакка чыгып турууга тийиш.

6. Кыргызстанда калып алып калган улуттук үй-бүлөлүк туруктуулукту түп тамырынан жок кылынып АКШнын Улуттук демократиялык институтуту (НДИ) жана ЮСАИД өкүлдөрү Гендердик теңчилик шылтоосу менен күйүп бараткан отко май тамызып туруу керек.

7. Кыргызстандын коопсуздук органдарында Штаттын оюу боюнча реформа жүрүп, алар парламентке баш ийип турушу керек. АКШ парламентке өз адамдарын кийирип коопсуздук органдарын көзөмөлгө алууга тийиш.

8. АКШнын башкы максаты Батышчыл саясатчылардын башын бириктирип, бир муштумга айлантып аларды мамлекеттик кызматтарга коюш керек. Бул үчүн өкмөттүк эмес уюмдардын парламенттик шайлоодо өз адамдарын депутат кылуу үчүн жан аябай иштөөсү зарыл.

Ушундай кызматтар үчүн акча каражаттарын Кыргызстанга жөнөтүп жатышат. Эмне үчүн банк аркылуу которушпай, накталай акчаларды жөнөтүп жатышат, мунун да чоң себептери бар:

1. Биринчи схема боюнча АКШнын Түндүк Каролина штатынын Чарлстон шаарында жайланышкан Казначылыктын расчеттук эсеби жана Таиланддун Бангкоктогу элчилигинен расчеттук эсеби боюнча акча каражаттары которулуп тура турган.

2. Экинчи схема боюнча Алматыдагы АКШнын элчилигинин Башкы консулдугу тарабынан накталай акча каражаттарын грант жегичтерге ашатып турган.

3. Биринчи схеманын же которуу жолу менен алган акчаларды алууну Кыргызстанда чыккан “Терроризмди каржылоого каршы аракеттер жөнүндө” мыйзам татаалдаштырып салган. Себеби, 1 миллион сомдон көп которулган акчаларды финансылык чалгындоо текшерип турууга тийиш. Өздөрүнүн изин жашырыш үчүн америкалыктар акча берүү жаатын татаалдашытырып салышкан. Учурда акча каражаттары Штаттан түз келбейт. Алар Бенилюкска (Бельгия, Нидерланды, Люксембург) жана Грузиянын аркандай фонддорунун филиалдарына которушат, алар Кыргызстандагы НПОлорго которушат.

4. Штаттар башкысы накталай акчага басым жасай башташкан.

(Кыргыз Республикасынын жана Орусия Федерациясынын айрым маалымат каражаттарына чыгарылган материалдар колдонулду).

 

 

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости