www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын Тышкы иштер министри виртуалдык жыйында учак кырсыгынан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөп берүү маселесин талкуулоо үчүн жакынкы күндөрү Киевке Ирандан делегация барарын билдирди. Бул тууралуу “Fars News” маалымат агентиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Украинанын Тышкы иштер министри Дмитрий Иванович Кулеба шейшемби күнү Ирандын делегациясы ушул айдын аягында Украинанын борбору Киевге келип, украиналык учактын кырсыгынан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөп берүү маселесин талкуулашат деп маалымдады.

“Reuters” агенттигинин маалыматына ылайык, Дмитрий Кулеба окуя боюнча көптөгөн суроолорго жооп бериле электигин жана жыйынтык чыгарууга эрте экендигин билдирди.

Украиналык авиакомпаниянын "Boeing 737" учагы өткөн жылы 7-январда Тегерандан Киевге учуп баратканда, инсандык катачылыктан улам ракеталык бутага алынып, анын ичиндеги 176 жүргүнчү алардын көпчүлүгү ирандыктар, калгандары Украина, Канада, Швеция, Британия жана Ооганстандын жарандары курман болушкан.

Жакында Швециянын Тышкы иштер министрлиги Иран украиналык учак кырсыгынан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөп берүүгө макул болгонун жарыялаган.

Швециянын тышкы иштер министри Анн Кристин Линде келишим Иран менен жарандары учакта болгон өлкөлөрдүн сүйлөшүүлөрүнөн кийин жетишилгенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости