www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкада 17-марттан бери сойкуканалар жабылып турат. Бирок массаж жана СПА-салондордун иши жанданган.

АКШнын эң кымбат сойкусу Элис Литтл иш жок болгондугуна байланыштуу Невада штатынын бийлигин сотко берди. Бул тууралуу Daily Star жазды.

Маалыматка караганда, аймакта 17-марттан бери сойкуканалар жабылып турат. Бирок массаж жана СПА-салондордун иши жанданган.

Арызданган аял Маунд-Хаус шаарындагы Moonlite BunnyRanch борделинде иштейт. Литтлдин өзүнүн айтымында, психолог, мамилелер боюнча машыктыруучу жана секс-эксперт болуп эмгектенет. Адистердин эсеби боюнча, Литтл өлкөдөгү эң кымбат секс-кызматкер, анын жылдык кирешеси миллион долларга жетет.

Америкалык аял өзүнүн арызында Невада бийлигинин шалаакылыгынан улам легалдуу секс-индустриясындагылар ишсиз калганын айткан.

"Мекемелердин бардыгы ачылды. Бир гана сойкуканалар ачылбай жатат. Бул мыйзамдуу секс-кызматкерлерге карата дискриминация", - деди Литтл.

Ал учурда ишсиз калгандыктан маркетинг жаатына өтүп кеткен. Ал OnlyFans аккаунту аркылуу онлайн жана оффлайн режиминде интимдик жолугушууларды өткөрүп, жан багып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости