www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Британиялык Express басылмасы АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн Түштүк Кытай деңизине кирип, аны кытайлык кемелердин машыгуу учурундагы аткылоосунан кийин эки державанын ортосунда согуш оту тутанып кетүү кооптуулугу бар экендигин жазды.
Басылма Пекиндин эскертүүсү бул сапар коңшу турган башка өлкөлөрдүкү менен үндөшкөндүгүн да билдирди. АКШ Кытайдын деңиздеги кызыкчылыгын толугу менен четке каккандыктан, алар дайыма аскер кемелерин аталган деңизге "кемечилик эркиндигине" кайгуулга жөнөтүп турары кабарланган.
Америкалык "Макин Айленд" жана "Сомерсет" десанттык суднолору сууга кирери менен Кытайдын Аскер-деңиз күчтөрү согуштук атуулар коштогон машыгууну баштаган. Алыска деп мелженген кадимки согуштук куралдар колдонулган. Анын "пландалбай" жасалгандыгы айтылууда.
Операцияга Кытайдын Аскер-деңиз күчтөрүнүн 056А тибиндеги "Эньши", "Юнчжоу" жана "Гуанъюань" деп аталган бардык корветтери катышкан.
Newsweek машыгууда шарттуу алынган кемени жоюу жана ракетаны учурбай жолдон кармап калуу маневрлары да киргизилгендигин жазды.
Ал эми кытайлык Global Times басылмасы АКШнын бул аракеттин "булчуңдар менен ойноо" деп атаган.
Булак: NazarNews.kg