www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ менен Япониянын биргелешкен Keen Sword аскердик машыгуулары 19–29-октябрь күндөрү Япониянын аймагында жана ага чектеш деңиз аймактарында өтөт. Ага Австралия, Германия жана Франция баштаган дагы жети өлкө катышат. Бул тууралуу ТАСС Япониянын Коргоо министрлигине таянуу менен билдирди.
Япония тараптан машыгууга 45 миңге жакын аскер кызматкери, 40тай аскердик кеме жана 250 учак тартылат. АКШнын контингентинин саны жана курамы тууралуу маалымат берилген жок.
Машыгуунун алкагында биринчи жолу Япониянын жаңы «Тип-25» мобилдик жер үстүндөгү ракеталык комплекстери көрсөтүлөт. Алардын сокку уруучу аралыгы болжол менен 1 миң чакырымды түзөт. Эки өлкөнүн аскерлери бул системаларды багыттоо жана колдонуу боюнча биргелешкен аракеттерди машыгышат. Бирок ракеталар иш жүзүндө учурулбайт.
Keen Sword машыгуулары эки жылда бир өткөрүлүп, АКШ-Япониянын Keen Edge командалык-штабдык машыгуулары менен кезектешип турат.