www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарындагы эки көчөгө мамлекеттик жана коомдук ишмерлер Бегиш Аматов менен Чубак ажы Жалиловдун ысымдары берилет. Тиешелүү чечимди шаардык кеңеш кабыл алды.
Шаар мэри Жанар Акаев социалдык тармактагы баракчасында шаардык кеңештин кароосуна Аношин көчөсүнүн атын Бегиш Аматовдун урматына өзгөртүү жана борбордук көчөлөрдүн бирине Чубак ажы Жалиловдун ысымын берүү сунушун киргизгенин билдирген. Депутаттар бул демилгени колдошкон.
Бегиш Аматов коомдук-саясий иштерге активдүү катышып, 1990–1994-жылдары Кыргыз ССРинин 12-чакырылыштагы Жогорку Советинин депутаты болгон. Эл арасында «Легендарлуу парламент» деп аталган бул чакырылышта ал 1991-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгы жөнүндө Декларацияны кабыл алууну алгачкылардан болуп демилгелеген. Ал кыргыз элинин көз карандысыздыгына чоң салым кошкон. Бегиш Аматов 2024-жылдын сентябрында 75 жашында каза болгон.
Чубак ажы Жалилов Кыргызстандагы белгилүү жана таасирдүү диний ишмерлердин бири болгон. Ал COVID-19 пандемиясы учурунда, 2020-жылдын июль айында пневмониядан 45 жашында көз жумган.
Өлкөнүн руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Чубак ажы Жалиловго 2026-жылдын май айында Кыргыз Республикасынын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы — «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы каза болгондон кийин ыйгарылган.