www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Барпы айыл өкмөтүндө экологиялык талаптардын бир катар бузулушу аныкталды.

Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, айыл өкмөтүнө жүргүзүлгөн пландуу текшерүү учурунда таштанды калдыктары белгиленбеген жерлерге ташталып, өрттөлгөнү аныкталган. Ошондой эле автотранспорт каражаттарын текшерүүдө атмосфералык абага зыяндуу заттардын ченемден ашык өлчөмдө бөлүнүп чыгышы катталган.

Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча жеке жактарга жана Барпы айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык ишканага карата жалпысынан 7 административдик протокол түзүлгөн.

Жыйынтыгында укук бузган тараптарга жалпы 75 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан тышкары, кемчиликтерди жоюу жана экологиялык талаптарды сактоо максатында жооптуу тараптарга 11 пункттан турган эскертме берилди.

Последние новости