www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сыймык Жапыкеев президенттик шайлоого катышарын билдирди. Эгер бул ниети ишке ашып, расмий түрдө талапкер катары катталса, алдыдагы шайлоо өнөктүгү бир топ кызыйт.
Анткени Жапыкеев бийликти сындоодон тартынбай, оргу-баргылыгы менен коомдун көңүлүн өзүнө бура алат. Мындай позициясы шайлоо маалында коомдук талкууну күчөтүп, айрым маселелерди кайрадан күн тартибине чыгарат. Башкача айтканда, коррупция, мамлекеттик башкаруу, бийликтин жоопкерчилиги жана адилеттүүлүк темаларынын актуалдуулугу артат.
Анткени Жапыкеевдин эмоционалдуу жана түз билдирүүлөрү шайлоо өнөктүгүнө өзүнчө динамика кошушу мүмкүн. Талапкерлердин ортосундагы талкуулар курчуйт. Добуштар бөлүнөт. Атаандаштык күчөйт.
Чынында анын талапкерлиги шайлоого өзгөчө түс бере алат. Күтүүсүз саясий билдирүүлөр коомду кайдыгер калтырбайт. Айтор, Жапыкеевдин катышуусу менен шайлоо супсак өтпөй, жандуу болуп, саясий күрөшкө көбүрөөк өң-түс берет.