www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү саясатчы Азимбек Бекназаров мындан бир нече күн мурун Айбек Теңизбай менен маектешип жатып: «Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевге “биринчи президент” деген статус берип, кол тийбестик кепилдиктерин жазып, Конституцияга бир бөлүм кылып киргизип берген. Ошол кызматы үчүн ал 2003-жылы “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи” деген наам алган», — деп айткан.

Бүгүн Текебаев Бекназаровго «Фейсбук» баракчасы аркылуу жооп берди. Ал өз сөзүндө Эмгек сиңирген юрист наамын 1999-жылы алганын, ал эми Бекназаров айтып жаткан Башмыйзамдын оңдолушу 2003-жылы болгонун, ортодо дээрлик 4 жыл өткөн окуяны байланыштыруу акылга сыйбай турганын божураптыр.

Бирок, Текебаев жылдар боюнча айырманы айтканы менен Акаевге ылайыктап Башмыйзамды өзгөртүп бергени боюнча актанбаптыр, демек, Акаевди «Биринчи президент» кылгысы келгенин танбаптыр десек жаңылышпайбыз. Мынча болду Текебаев «Үзөңгү Кууш» боюнча кантип кворум түзүп Акаевдин тапшырмасын аткарып бергенин да айтып койсо болмок экен…

Последние новости