www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы 2021-финансылык жылы качкындарды кабыл алуу чегин 15000ге түшүрдү, бул 1980-жылдан берки рекорд. 

Кабыл алынган чечим гуманитардык принциптер менен акталып, улуттук кызыкчылыктардан улам келип чыккандыгы белгиленди. Мындан тышкары, жаңы эрежелерге ылайык, АКШ сейрек учурларда, Йемен, Сирия жана Сомалиден качкындарды кабыл албайт. 

Акыркы каржы жылында АКШ 18 миң, бир жыл мурун 30 миң адамды кабыл алганы белгилүү. 

2019-жылы АКШнын Жогорку Соту да белгилүү бир шарттарга жооп бербеген мигранттарга башпаанек берүүнү чектөөгө жол берген. Соттун чечими менен мыйзамдуу мигрант статусун алууда чектөөлөрдү киргизүүгө жолтоо болгон тоскоолдуктар жоюлганы белгиленди. Ошентип, расмий башпаанек алуу үчүн үчүнчү өлкөлөрдөн Америка Кошмо Штаттарына кирген качкындар адегенде алардын жолу өткөн штаттардан баш паанек таба албагандыгы тууралуу документтер керек.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости