www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Facebook", "Twitter" жана "Google" компанияларынын жетекчилери 28-октябрда АКШ Сенатынын комитетинин жыйынында маалымат берет.

Америкалык алдыңкы компаниялардын өкүлдөрү жыйынга Республикалык партиянын мүчөлөрүнүн демилгеси менен чакырылган. Бул партиялардын өкүлдөрү технологиялык компанияларга таандык маалыматтык платформаларда консервативдик көз караштагы маалыматтар чектелип жатат эсептешет.

Алардын нааразылыгын өткөн аптада "The News York Times" басылмасы Демократиялык партиядан президенттикке талапкер Жо Байдендин уулуна байланыштуу макаладагы маалыматтарды "Facebook" жана "Тwitter" чектегени тууралуу шектенүү айтылган соң күчөдү. Анда социалдык тармактар өз кадамын макалада күмөндүү маалыматтар бар экени менен түшүндүргөн.

Президент Дональд Трамп социалдык тармактар бул маалыматты жашырууга аракет кылып жатат деп сындап чыккан.

Сенаттын комитетинин угуусунда социалдык түйүндөрдө жарыяланган маалыматтардын укуктук жактан коргоо боюнча сунуштар талкууланышы мүмкүн.

Буга чейин алдыңкы Интернет компанияларынын жетекчилери Өкүлдөр палатасынын жыйына чакырылган болчу. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости