www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 12-октябрынан баштап КР Куралдуу Күчтөрүнүн Кургактагы аскерлеринин 36806 жана 20636 аскер бѳлүктөрүнүн окуу базасында мобилизациялык резервдин жыйыны жүрүүдө. Бул тууралуу КР КК Башкы штабынын маалыматтык камсыздоо башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жыйынга Кыргыз Республикасынын бардык региондорунан жыйырма эки жаштан кырк жашка чейинки 350дөн ашык жаран чакырылып, алар бир ай бою аскер ишине үйрѳнүшүүдө. Окуу жыйындын аягында катышуучулар Аскердик ант беришип, запаска киргизилет. Жашаган жери боюнча биринчи категориядагы аскерге милдеттүү жаран катары каттоого алынат.

Жыйын өлкөдөгү эпидемиологиялык коркунучтарды эске алуу менен окутуулар санитардык-карантиндик талаптарга ылайык медицина кызматкерлеринин кароосунда өтүүдө.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдеттери жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» мыйзамынын 21-беренесине ылайык, жыйырма эки жашка чыккан, аскердик же альтернативдик кызматтарды өтөбөгөн, аскерге чакырууну кийинкиге калтырууга же бошотууга ээ болгондор мобилизациялык резерв жыйындарын өтөөгө укуктары бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости