www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Ормуз кысыгындагы мунай ташыган кемелердин кыймылына чектөө киргизүү аракети Иранга эле басым катары бааланбайт, дүйнөлүк энергетикага кесепетин тийгизет.
Эксперттер белгилегендей, Ормуз кысыгы аркылуу дүйнөлүк мунайдын олуттуу бөлүгү өтөт. Ошондуктан кырдаал курчуса, мунай баасы кескин өсүп, глобалдык рынок туруксуз абалга кептелиши мүмкүн.
Бул жагдай Кытай сыяктуу ири энергия керектөөчү мамлекеттерди да тынчсыздандырууда. Ал эми Россия өз позициясын сактап, аймактагы туруктуулукту колдоого чакырып келет.
Адистердин баамында, кырдаал андан ары курчуй турган болсо, бул дүйнөлүк энергетикалык коопсуздукка олуттуу сокку уруп, ири державалар ортосундагы чыңалууну күчөтүшү мүмкүн.