www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Энергетика министрлигинин модернизациялоого багытталган реформасынын алкагында, «КУЭТ» ААКнын филиалы — Нарын электр тармактар ишканасы тарабынан 35/10/6 кВ «Он-Арча-1» көмөк чордонунун жабдуулары заманбап талаптарга ылайык жаңыланууда.

2026-жылдын капиталдык курулуш чыгымы аркылуу аталган көмөк чордондогу эскилиги жеткен ОД жана КЗ-35 кВ жабдуулары толугу менен алмаштырылып, алардын ордуна 2025-жылы чыгарылган жаңы вакуумдук өчүргүч орнотулду. Бул — тармактын техникалык деңгээлин көтөрүүгө жана калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жакшыртууга багытталган маанилүү кадам.

Нарын районунда жайгашкан «Он-Арча-1» көмөк чордону 1972-жылы курулуп, ишке берилгенден бери Оттук, Кара-Чий, Эчкибашы, Мин-Булак, Куйбушев жана Эмгекчил айылдарынын тургундарын электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылып келе жатат. Калктын санынын өсүшү жана электр энергиясына болгон суроо-талаптын жогорулашы көмөк чордондогу жабдууларды жаңылоо талабы болгон.

Жүргүзүлгөн жаңылоо иштеринин натыйжасында:
 • электр жабдуулары жана күчтүк трансформаторлор ар кандай авариялык жана кооптуу кырдаалдардан ишенимдүү корголот;
 • электр энергиясын өчүрүү жана кайра кошуу процесстери кыйла жеңилдетет;
 • көмөк чордондун жалпы ишенимдүүлүгү жана эксплуатациялык коопсуздугу жогорулайт.

Бул иш-чаралар аймактагы калкты сапаттуу, туруктуу жана коопсуз электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталып, энергетика тармагындагы реформалардын иш жүзүндөгү жыйынтыгын белгилейт.

Последние новости