www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Душанбедеги элчилиги Миграция боюнча эл аралык уюм менен биргеликте тажик-ооган чек арасын мыйзамсыз курал-жарак жана маңзат ташып өтүүдөн коргоо боюнча долбоорду ишке ашырууда.

Элчиликтин маалыматына караганда, өз ичине чек ара күчтөрүнүн офицерлерин окутуу жана тажик-ооган чек арасындагы инфраструктураны жакшыртуу иштерин камтыган долбоорду ишке ашыруу үчүн 900 миң доллар бөлүнөт.

"Алдыдагы үч жылдын ичинде ишке ашыруу пландалып жаткан бул долбоор АКШ менен Тажикстандын коопсуздук тармагындагы кызматташтыгынын дагы бир маанилүү бөлүгү болот деп үмүттөнөбүз. 2002-жылдан бери АКШнын өкмөтү чек ара бекеттерин жана үч окуу борборун калыбына келтирүү аркылуу коопсуздукту бекемдөө боюнча түрдүү долбоорлорду ишке ашырды. Мындан тышкары жабдууларды модернизациялоо жана коопсуздук менен туруктулуулукту камсыз кылуу үчүн Тажикстанда дагы башка долбоорлор да ийгиликтүү ишке ашырылды", — деп жазылган элчиликтин 4-марттагы билдирүүсүндө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости