www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда дагы бир өлүм жазасы ишке ашырылды

АКШнын Индиана штатында 49 жаштагы Орландо Холлго өлүм жазасы чыгарылды. Бул тууралуу 20-ноябрда АКШнын Юстиция министрлигине таянып “Франс Пресс” агенттиги жазды.

Холл бейшемби күнү кечинде, АКШнын Жогорку соту аны кечирүү тууралуу өтүнүчүн четке каккандан кийин өлүм жазасына тартылган деп маалымдады Француз эл аралык радиосу.

Белгилей кетсек, Орландо Холл 1995-жылы 16 жаштагы Лиза Ренени уурдоого, зордуктоого жана өлтүрүүгө айыпталган.

Эскерте кетсек, бул АКШда акыркы төрт айдагы сегизинчи өлүм жазасы. Июль айында өлкөнүн Жогорку соту акыркы отуз жыл ичинде федералдык соттор тарабынан чыгарылган өлүм жазалары аткарылышы мүмкүн деген чечим чыгарган.

Жакынкы апталарда АКШда дагы эки өлүм жазасы ишке ашырылышы керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости