www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адил Турдукулов: «Жапаровдун бийлиги да өтө жаман аяктайт»

Кыргызстан - Сингапур, Түштүк Кореяга окшоп чукул түрдө экономика өнүгүп кетсе, Жапаров кыргыздын Ли Куан Юсу деп аталып калат. Бул тууралуу журналист жана саясатчы Адил Турдукулов өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Парламентаризмди негизги маңызы - өкмөттү түзүү жана анын ишмердигин көзөмөлдөө. Азыркы башкы мыйзамдын долбоорунда өкмөт ЖКга эмес, түздөн түз президентке баш ийет.

Ошондуктан экс-ажолорго окшоп, жаңы шайланган президент, мамлекеттеги көйгөйлүү маселелерди өкмөткө оодара кое албайт, жоопкерчиликти өзүнө алганга мажбур болот. Коронавирус күчөп же чек-арада атышуу болуп калса, ал үчүн өз керт башы менен жооп берет.

Жогорку Кеңеш дагы мурункудай өкмөтүү сөксө да, депутаттар баштарынан чапса да, өкмөт мүчөлөрү колдоорун жайып берет. Анткени бүт бийликти президент өз колуна мыкчып алынган болот. Жаны Конституциянын долбоорунда так ошондой жазылган.

Ошондуктан Садыр Жапаров тобокелчиликке барып жатат. Эгерде эбегейсиз чоң бийликти колдонуп, анын “супер-президенттик” башкаруусу аркылуу Кыргызстан - Сингапур, Түштүк Кореяга окшоп чукул түрдө экономика өнүгүп кетсе, Жапаров кыргыздын Ли Куан Юсу деп аталып калат. Эгерде бир жылдын ичинде экономикада жылыш болбосо, коррупция азыркыдай эле деңгээлде кала берсе, кадрдык башаламан уланса - Жапаровдун бийлиги да өтө жаман аяктайт.

Эки эле жол бар», - дейт саясатчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости