www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Валентина Шевченко карьерасын качан жыйынтыктайт? Жооп...

Кыргызстандык спортчу Валентина Шевченко  "Sport24" берген маегинде спортко болгон карьерасын кандай жыйынетыктаарын айткан.

 Анда ал, "Бул жерде бардыгы адамдын өзүнө жараша болот. Ал үчүн атайын эрежелер жок. Биздин, спортчулардын тагдыры, ой-туюмдары, пландары ар кандай. Өзүмө келе турган болсом, потенциал бар чакта аны пайдаланыш керек деп эсептейм. Спорттон шашылыш кадам жасап кетип калган көп спортчуларды көрдүм. Анан убакыт өткөндөн кийин кайра кайтууну, ошол жылдыздуу сааттардагы эмоциялардын даамын кайрадан татууну ойлойт, бирок убакыт өтүп кетти да. Жаңы таланттар өсүп чыкты. Кайра келсең, баягыдай эмессиң. Анан шашылып чечип койгонуна өкүнүшөт. Кетип калбаса жаш болуп турганда, күч-кубаттуу кезинде, ден соолугу чың учурда көп ийгиликтерди жаратат эле. Мен өзүм үчүн чечтим. Азыр көп нерсени жасай ала турган учурум экенин, бул мага оор эмес экенин сезип тургандыктан кармаша берем. Кийин артка кайрылып, "болду, колумдан келгенин буга чейин жасадым" дегендей болушум керек", — деп айткан белгилүү спортчу.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости