www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СOVID-19: Түркия рекорддук чекке жетти

20-ноябрда Түркияда коронавирус инфекциясын жугузган 4542 бейтап аныкталып, рекорддук көрсөткүч катары катталды. Бул тууралуу Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. 

Муну менен коронавирус жугузгандардын жалпы саны 430 миң 170ке жетип, 119 миң 43 бейтап каза тапты. 

Джон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, Түркия COVID-19 илдетин жуктуруп алгандардын саны боюнча дүйнөдө 25-орунда, каза болгондордун саны боюнча 22-орунда турат.

Эскерте кетсек, 17-ноябрда президент Режеп Эрдоган коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүнүн алкагында Түркияга демалыш күндөрү коменданттык саат киргизилерин жарыялаган. Учурда соода борборлорунун, дүкөндөрдүн жана чачтарач салондорунун иштөө убактысы чектелип, кинотеатрлар, оюн-зоок жайлары жабылган. Билим берүү мекемелери кайрадан аралыктан окуу режимине өткөн. 

Буга чейин Роспотребнадзордун башчысы Анна Попова коронавирус менен катталган Орусия жарандарынын көпчүлүгү (90%) Түркиядан жугузуп келгендер экенин билдирген эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости