www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШдагы киберкоопсуздук боюнча «FireEye» деген ири компания кибер чабуулдун бутасы болгонун шейшембиде билдирди.

Фирманын адистери анын артында башка бир өлкөнүн бийлиги турат деп боолголошот. Алар компьютерлерди бузуп кирүүнүн мурда көрүп-билбеген ыкмаларына туш болушканын айтышат.

Кол салгандар компаниянын АКШдагы жана өнөктөш мамлекеттердеги кардарлардын киберкоопсуздугун тесттен өткөрүүчү каражаттарга ээ болушканы кабарланды. Окуя качан болгону белгисиз, бирок айрым булактар фирма акыркы эки жумадан бери улам паролдорду алмаштырып келе жатканын билдиришти.

Азырынча ошол уурдалган аспаптар пайдаланып же пайдаланылбаганы тууралуу маалыматтар жок.

Белгилей кетсек, хакерлерди издөөгө Федералдык иликтөөлөр бюросунун жана «Microsoft» корпорациясынын кызматкерлери тартылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости