www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШдагы окуяларга байланыштуу элчилик кыргыз жарандарга кайрылды

Вашингтондогу башаламандыктарга байланыштуу Кыргызстандын АКШдагы элчилиги ошол жактагы мекендештерге кайрылды.

Билдирүү социалдык тармактарга жарыяланды. Бүгүн, 7-январга караган түнү, АКШ президенти Дональд Трамптын тарапташтары президенттик шайлоонун жыйынтыгын карай турган сенаттын имаратына кирип барышкан. Митингчилер менен күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери кагылышкан.

Элчилик мекендештерди эл көп чогулган жерлерден алыс болуп, этият жүрүүнү суранды.

Ошондой эле жабыркаган же кармалган кыргызстандыктар жөнүндө маалыматтар болсо тез аранын ичинде +1 (202) 2562924 (ишеним телефону) номерине же [email protected], [email protected] элекрондук даректерине кабарлап коюуну өтүнөт.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg



 

Последние новости