www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кошмо Штаттар 18 жылдан бери күчүндө болуп келген "Ачык асман" эл аралык келишиминен расмий чыкты. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик департаменти 22-ноябрда билдирди. Анын маалыматы боюнча, келишимге кол койгон калган 34 мамлекетке быйыл май айында жиберилген алты айлык эскертүү жекшемби күнү аяктады.

"Алты ай өттү. АКШнын бул келишимден чыгуу чечими 2020-жылдын 22-ноябрында күчүнө кирди. Кошмо Штаттар "Ачык асман" келишимине мындан ары мүчө эмес", - деп айтылат Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө.

Президенттик администрациянын Улуттук коопсуздук боюнча кеңеши да бул маалыматты ырастап, "Орусия келишимди одоно бузганын" белгиледи.

Орусиянын Коргоо министрлиги АКШнын соңку чечимин айыптап, мындай аракет Европанын коопсуздугуна да, Кошмо Штаттардын коопсуздугуна пайда алып келбей турганын эскертти.

Эске салсак, АКШ бул келишимден чыга турганын 21-майда жарыялап, ага Орусиянын кадамдары себеп болгонун жүйө келтирген. Бул документ мүчө мамлекеттерге бири-биринин аймагына көзөмөл жүргүзүүчү учактарды жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул аракет менен келишимге мүчө мамлекеттер бири-биринин аскердик күч-кубатына байкоо салууга мүмкүнчүлүк алышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости