www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Отуз жылдан ашуун саясатта жүргөн Текебаев менен кимдер гана араздашпады. Баалар өсүп баратат, кайрадан бийлик алмашып кетпесин деп элдин жүрөгү түпөйүл. Текебаевчил айыл чарба министри бийликти жаман көрсөтүш үчүн иш эмес, саясат менен алек болуп калды. Базарларда баалар өсө баштады. «Мен бийликте болсом элди жыргатам» деп алдап келген Текебаев бадыраң өстүрүп жаткан жерден жетелеп келген «Шаолини» элди оңдурган жок. Бишкек шаарында 1 литр өсүмдүк майы 103 сомдон 130 сомго чейин сатылып, эки апта аралыгында 5 сомго жогорулаган. Мындан тышкары Ош шаарында жана Кочкор районунда да өсүмдүк майынын баасы 5 сомго көтөрүлгөн.

Анализге ылайык, кумшекер жана өсүмдүк майына болгон баалар өскөн: Бишкектеги базарларда кумшекердин баасы 50-52 сомду түзүп, өзгөрүүсүз бойдон калган. Ал эми Кочкор районунда, Кара-Балта, Каракол жана Чолпон-Ата шаарында кумшекерге болгон баа 1 сомго көтөрүлүп, 48-50 сомду түзгөн. Өлкөнүн аймактарында азык-түлүккө болгон бааларга анализ жүргүзүлүп, ага ылайык, айрым тамак-аштын баасы жогорулаган. Экономика министрлигинин аймактар аралык башкы башкармалыгы Бишкек шаарындагы жана өлкөнүн облустарындагы базарлардагы азык-түлүктүн баасына анализ жасаган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости