www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Вермонт штатынан көз карандысыз талапкер, 78 жаштагы Берни Сандерстин штабы ал жүрөгүнөн инфаркт болгонун ырастады. АКШ президенттигине талапкер шейшембиде Лас-Вегастагы ооруканага жаткырылганы белгилүү болду.

Президенттикке талапкерлердин арасындагы эң улгайганы болгонуна карабай саясатчыга дебаттарда ден соолугуна байланыштуу суроолор берилбегенин жергиликтүү басылмалар жазып жатышат.

Сурамжылоолор боюнча алдыда келаткан демократтардын башка талапкерлери: мурдагы вице-президент Жо Байден 76 жашта, ал эми сенатор Элизабет Уоррен 70 жашта. Азыркы президент Дональд Трамп болсо 73 жашта, ал Американын тарыхында эң кары президент болду.

Берни Сандерс "Твиттерге" өзүн жакшы сезип калганын, ишке кайра кайтып келерин жазды.

АКШнын президенттигине шайлоо 2020-жылдын ноябрь айына белгиленген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости