www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Насирбек Алмаматовду Кыргызстандыктардын баары билет. УКМК аны жылдыз кылган. Анын катышуусундагы “документалдык тасманы” (оперативдүү тасма) 10 жаштагы баладан 90го чыгып калган атага чейин көрүп чыккан.

Бул адам Бишкек шаарындагы транспортту  жана айдоочу күбөлүктөрдү каттоо департаментинин мурдагы башчысы. Пара алып жатып кармалып, быйыл май айында 12,5 жылга кесилген. Эми эмне дебейсизби?

Тоок уурдап соттолгондор бардык мөөнөтүн акырына чейин өтөйт дагы, мындай коррупционерлер аз мөөнөттө гана суурулуп чыгып кетет.

Маалыматтарга караганда, Алмаматов боштондукка чыгыптыр.  Сот реформасын кылабыз деп сүйлөйсүңөр күндө телевизордон. Кана ал реформа? Тескерисинче соттор көөп кеткен жокпу? ИИМ, Финпол, Прокуратура, УКМК кылмышкерди колунан алып келип берсе, андан дагы колунда видео далил турат го. Бирок, сот деген макулук андайларды кое берип жатпайбы! Бети жоктук бул! Өткөндө транспорт министринин орун басарын (500 миң даллар пара алып кармалган делип!) бошотуп бердиңер, элдин мал-мүлкүн жеп камалган Музаффар Исаков бошонгону турат. Эми каякка дагы?..

Булак: NazarNews.kg

Последние новости