www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ мамлекеттик катчынын жардамчысынын орун басары Хеник мырзанын Кыргыз элчилигине 20-ноябрь Бала асырап алуу улуттук күнүнө карата ыраазычылык катын жөнөткөн. 

Эки өлкө арасындагы мамилени ар тараптан бекемдөөгө салымын кошкон элчиге ыраазычылыгын билдирген катты төмөндө өзгөртүүсүз беребиз:

"Урматтуу элчи Отунбаев, 

Америка Кошмо Штаттарында Улуттук Бала асырап алуу айына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын АКШдагы Элчилигине, биздин өлкө жана Мамлекеттик департамент менен эл аралык бала асыроо боюнча өнөктөштүгүңүз үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем. Мамлекеттик департамент чет өлкөлөрдө бала асырап алуу боюнча биздин милдеттерибизди жүзөгө ашырууда чоң сыймыктануу жана камкордук көрөт жана биз Вашингтон шаарындагы Кыргыз элчилиги жана анын кесипкөй кызматкерлери менен ушундай мыкты кызматташтыкта болгонубузга бактылуубуз.

Учурдан пайдаланып жеке мен сизге Кыргыз Республикасынан асырап алынган балдар үчүн иш-чараларды өткөрүүдө элчиликтин аракети үчүн ыраазычылык билдиргим келет. АКШлык үй-бүлөлөр Кыргыз Республикасынын балдары үчүн жүрөктөрүн жана үйлөрүн ачып жатканда, биз асырап алынган балдар үчүн алардын маданий тамырлары менен болгон байланышты сактап калуу дагы деле болсо маанилүү экендигин түшүнөбүз. Сиздин аракеттериңиз болбогондо, америкалык ата-энелер үчүн баласынын түпкү өлкөсүн таанып, аны үй-бүлөлүк аңгемесинин бир бөлүгүнө айлантууга кызыкдар болуш кыйыныраак болмок. Биз чет өлкөлөрдө бала асырап алуу Кыргыз Республикасынын аялуу катмарындагы балдар үчүн турмушка жөндөмдүү вариант бойдон калуусун камсыз кылуу боюнча биргелешкен аракеттерибизди улантууга үмүттөнөбүз, ошол эле учурда асырап алынган балдар үчүн кыргыз маданиятынын каада-салтын түшүнүү жана баалоо. Биз бул аракетти андан ары өркүндөтүүдө Кыргыз Республикасынын Элчилигинин салымын жогору баалайбыз.

Мамлекеттик департамент бала асырап алуу жөнүндө Гаага конвенциясына ылайык келген мамлекеттер аралык асырап алууну ачык-айкын жана этикалык жол менен жеңилдетүү аркылуу балдардын, асырап алуучулардын жана бала төрөлгөн үй-бүлөлөрдүн кызыкчылыктарын көздөйт. Биз балдардын кызыкчылыктарын илгерилетүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен кызматташууну улантуу мүмкүнчүлүгүн колдойбуз.

Урматтоо менен,

Жонатан Хеник, Мамлекеттик катчынын Борбор Азия иштери боюнча жардамчысынын орун басары "- деп жазылат катта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости