www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн жылына 10 миңге жакын чет элдик жаран келет. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик миграция кызматынын Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Майрамбек Бейшенов маалымат жыйынында билдирди. 

Анын айтымында, жыл сайын Кыргызстан биздин өлкөдө жумушка орношо алган 12 миң чет элдик жаранга квота берет, бирок ал 70-80 пайызга чейин өздөштүрүлөт. 

«Негизинен алар курулуш тармагында, геологиялык чалгындоодо жана коомдук тамактанууда иштешет. Чет өлкөлүк жумушчу күч кыргыз өкмөтү тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлорго, анын ичинде жол жумуштарына тартылып жатат », - деди чиновник.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости