www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2007-жылы Бакиев бийлиги Ала-Тоо аянтынан бозүйлөрдү талкалап, «Бириккен фронттун» лидерлерин тарапташтары менен кубалап (Темир Сариев гана качкан эмес), бырын - чырын чыгарышкан. Ал кезде кыска мөөнөткө адилетсиз негизде Өмүрбек Суваналиев, Өмүрбек Абдрахманов жана Адилет Айтикеев камалган. «Бириккен фронттун» лидери Феликс Кулов туулуп өскөн кичи мекени Байтик айылына барып алып, эл менен биргеликте бийликке каш кайтарып туруп алганы эсибизде...

Эмне үчүн бул окуяны эстеп атабыз? Учурда Алмазбек Атамбаев да ошол эски ыкманы пайдаланып, Кой-Ташта тарапташтарын чогултуп, күнү-түнү бийликтин аскерлерине каршы турууга шерттешип атышат. Ал гана эмес, Атамбаев өз сөзүндө Сооронбай Жээнбеков мөөнөтүнүн аягына жетпей каларын да каңкуулаганы кандай? Курал-жарагы бар экенин, коргоно аларын жана чимкирик» органдарга суракка барбай турганын да айтты. Каршылашуунун катуу өңүтүнө өткөнү ушул да. Азырынча элибиз да экиге бөлүнгөндөй болуп, бул көрүнүштун аягы кандай бүтөрүнө ынтызарлангандар арбыды.

Эң оболу, Кыргызстаныбызга тынчтык керек! Эгер Атамбаев бийликтин сурагын тоготпосо, анан аскерлер Кой-Ташка барышса, жыйынтыгында кан төгүлүп, бир балээ болуп кетпейби? Аксы окуясы, же Таластагы кандуу көтөрүлүш кайталанбаса экен!

Арстан Алгырбеков, "АзияNews"

Последние новости