www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эркек байкуштарды биздин мамлекетте гана тебелеп-тепсейт, ал эми демократиялуу мамлекеттерде эркекпи, аялбы, титулдук улуттун өкүлүбү же титулдук улуттун өкүлү эмеспи, жашпы, карыбы ага карабайт. Биздин мыйзамда кандай? Жогорку Кеңешке талапкер болгон партияларда чектөө киргизилген:

1. Бир жыныстуулардын саны 70 пайыздан ашпаш керек, бизде эркектер саясатта басымдуулук кылат, демек аялзатынын саны 30 пайыз болуш керек.

2. 15 пайыз талапкер титулдук калктын өкүлү эмес, бизче кыргыз эмес,  башка улуттун өкүлү болуш керек. Мындай нерсе деле демократиялуу мамлекеттерде жок. Эмне үчүн кыргыз эместерге мынчалык колдоо көрсөтөбүз?Мынчалык башка улуттарга жагынуунун эмне кереги бар?  

3. Жаштардын саны 15 пайыз болуш керек. Мейли жаштар өссүн, бирок кайсы мамлекетте ушундай чектөөлөр кирген?

Шайлдабекова эми парламентке жергиликтүү шайлоо округунда өзгөртүүлөрдү кийирип жатат. Өзү деле эмнелер жазылганын толугу менен түшүнбөйт экен. Анткени, эгер бир шайлоо участкасында 2 орун болсо, бирин аялдар үчүн резервге калтырыш керек дейт. Ал эми бир орунга талапкерлигин башка бардыгы койот. Депутаттар суроо берип жатат, кокустан бул орунга аял киши өтүп кетсечи, анда экинчисиндеги резервди эркек алабы деп. Экөө тең аял болсо, экөө тең аял болсун –дейт Шайлдабекова. Чынында резервде кайсы аял болот? Же эмне атка минерлердин аялдары резервде турабы? Мындай суроолорду ал чечмелеп бере алган жок.

Шайлдабекова учурунда БШК төрайымы катары Атамбаевдин оң колу болуп жүргөн, Атамбаевдин артынан парламент доомат коюп жатат, анда эмне үчүн Шайлдабековага дооматтарын койо алышпайт? Же Шайлдабековадан башка ылайыктуу киши БШК төрайымынын ордуна жокпу? Бул болсо каяктагы дайынсыз өзү түшүнбөгөн мыйзамдар менен элдин башын айланта баштады. Деги Шайлдабекованын тизгинин кага тургандар Кыргызстанда төрөлдү бекен?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»


 

Последние новости