www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, алгач 9-октябрда, Аксыдагы айылдардын биринде болжол менен түнкү саат 21:40тар чамасында 9 класcтын окуучуce үйүнүн сарайында асынып алган жеринен табылат. Бул окуя боюнча ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, денесинен эч кандай уруп-сабоонун белгилерин табышкан эмес жана ал өзүн-өзү өлтүрүүгө барганын аныкташкан.

Териштирүүдө белгилүү болгондой, сабак учурунда телефон чукулап олтурганын көргөн анын мугалими андан телефонун алып, ата-энесин чакырып келүүсүн айткан. Сабактан соң ал досуна “көйгөйлөр көбөйүп кетти, өлүп эле алат окшойм” деп андан семичке сурап, “акыркы жолу чагып алайын” деген. Айткандай эле, ал окуучу ошол күндүн түнү үйүндө асынып алган.

Бул факты тууралуу топтолгон материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине өзүн-өзү асып алуу беренеси боюнча катталган. Каза болгон баланын ата-энеси жана туугандары эч кимге доосу жок экенин билдирип, арыз жазуудан жана баланы соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан.

Туура эки күн өткөн соң, т.а. 11-октябрда, кечки саат 19:30 чамасында Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Таш-Көмүр шаарынын 2004-жылы туулган (бул да 9-класттын окуучусу) тургуну Д.А. аттуу өспүрүм кыздын өзүнүн мал сарайында асынып алгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты боюнча ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барышканда, каза болгон кыздын жанынан кат табышкан. Анда: «Апа, кечириңиз, мен сүйгөн баламдын артынан кеттим» деп жазылган. Кийинчерээк Аксыдагы асынып алган бала менен бул кыз кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөндүгү белгилүү болгон.

“Окуучу кыздын жана ага чейин каза болгон окуучу баланын да ата-энелери эч кимге доо арызы жок экенин билдиргендиктен бул фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүштүк иштер токтотулган. Анткени, эки тарап тең эч кимге арызданышкан эмес”, - деп билдирет областтык ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы.

Эскерте кетсек, буга чейин да, тагыраагы, ушул жылдын 25-майында Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын бириндеги бакта 19 жаштагы бала менен 16 жаштагы окуучу кыздын асынып алган окуясы катталып, коомчулукту бушайманга салган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости