www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Активисттер

Өзүн блогер деп атаган жарандык активист Тилекмат Куренов баштаган бир нече адам 18-декабрда баш калаа Бишкектеги Ала-Тоо аянтына Жетим-Тоону чет элдик ишкерлерге колдонууга бербөөнү талап кылып акцияга чыкты. Алар бийликтен кен жайгашкан тоону эл үчүн иштетүүнү суранышыууда.

Акцияны уюштурган Куренов Жетим-Тоону коргоо боюнча атайын кыймыл түзүп, төрага шайлай турганын «Фейсбуктагы» баракчасындагы түз эфиринде билдирди.

«Биздин максат - Жетим-Тоонун бир да ташы, куму коробосун, келечек муунга жаратылышты бузбай сактап берели деп жатабыз», - деди ал.

Садыр Жапаров премьер-министр болуп турганда уюштурган басма сөз жыйындарынын биринде Жетим-Тоодо 50 млрд. тоннадай темир кени бар экенин белгилеп, аны чийкизат түрүндө сатса, анын эсебинен бир жылда 1 млрд. долларды төлөсө болорун билдирген.

Коомдук-саясий чөйрөдө «Жетим-Тоодогу темир кенин тышкы карыздардан кутулуш үчүн өкмөт кошуна мамлекетке берет экен» деген күдүк кептер көптөн бери айтылып келет.

17-декабрда президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов Жетим-Тоо чет элдик инвесторлорго берилбей турганын билдирген.

Кыргызстандын насыялар үчүн төлөй турган мамлекеттик тышкы карызынын басымдуу бөлүгү Кытайга тиешелүү. Тагыраагы Кыргызстандын Кытайга 1 млрд. 778 млрд. доллар карызы бар. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости