www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунун Кара-Суу районунда төрт жашар бала ойноп жатып желим ышкырыкты жутуп алып чарчап калды. Маалыматты Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан тастыкташты.
Окуя кечээ, 17-декабрь күнү, Кара-Суунун Кызыл-Кыштак айылында болгон.
"Төрт жаштагы М.А. аттуу бала өз үйүндө желим ышкырыгы менен ойноп жатып, аны кокусунан жутуп алган. Үйүндөгүлөр өз алдынча жардам берүүгө аракет кылышкан. Бирок бала 20 мүнөт аралыгында каза болуп калган", — деп айтышты маалымат кызматынан.
Милициядан бөбөк каза болгондон кийин апасы эс-учун жоготуп, медициналык жардам көрсөтүү үчүн ооруканага жеткирилгендигин айтышты.
Туугандарынын баланын сөөгүн соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тарткандыгын кошумчалашты.
Булак: NazarNews.kg