www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акын Аскат Жетиген 8 жылга абакка кесилеби?

Прокурор акын, активист Аскат Жетигенди 8 жылга абакка кесүүнү суранды. Бул тууралуу «Кылым шамы» коомдук фонду билдирди.

Бүгүн, 25-июнда Бишкектин Свердлов райондук сотунда Аскат Жетигендин иши каралып, тараптар жарыш сөзгө өткөн. Прокурор жарыш сөзүндө соттон акынды 8 жылга эркиндигинен ажыратууну суранган.

Жергиликтүү басылмалар жазгандай, Аскат Жетиген өз сөзүндө ага коюлган айыптарды четке кагып, бийликти басып алууга жана массалык башаламандыктарга чакырык жасабаганын айткан.

Кийинки соттук отурум 1-июлга белгиленди. Анда Аскат Жетингенге сөз берилип, сот өкүм чыгарат.

Белгилей кетсек, Аскат Жетиген — ырчы, акын, обончу, комузчу. Ал элге «Зарыкканда», «Кусалык», «Кыргызым» аттуу ырлары менен таанымал. Буга чейин ал азыркы бийликтин аракеттерин кескин сындаган видеокайрылууларды жасап келген.

Аскат Жетигенге 2020-жылы март айында жасалган видео кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен, быйыл 15-мартта жасаган видео кайрылуудан кийин 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) менен козголгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости