www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атасынын кызы

Жашоодо “Атасынын атын уулу же уулга тете кызы чыгарат” деген кеп бар. Ансыңарындай, залкар обончунун кызы Акзыйнат атасы тааныган искусство жолуна, музыка дүйнөсүнө жөн жерден келе калган жок. Негизи, кыз бала атасына жакын болуп чоңоёт бейм. Кыздын ата-энеге күйүмдүү болуусу да жөн жерден эместир. КРнын эл артисти раматылык Токон Эшбаев жана ырчы Лира Райымбекованын кызы Акзыйнат жаш болсо дагы, омоктуу ойлорун ортого сала тереӊ ой жүгүрткөн бир мүнөздүү чыныгы талант экен.

- Атактуу обончунун кызы болуу кандай экен?

- Биринчи кезекте атактуунун кызы болуп төрөлүү сыймыктан дагы чоң жоопкерчилиги бийик. Көкүрөктү жанчыган кыргыздын таамай сөзү бар: “Атаң өлсө өлсүн, атаңды көргөн өлбөсүн”. Атамды көрүп жакындан тааныгандар гана эмес, анын талантын сыйлап-кадырлаган күйөрмандарынан атам тууралуу жалаң гана жакшы сөздөрдү угуп келем. Ошондон уламбы, атамдын атын булгабаганга бүт аракетимди жумшаймын.

- Балким, эки таланттуунун кызы болуш андан да чоң жоопкерчиликтир...

- Апам Лира Райымбекова Үч-Теректин үч кызынын бири. Таежелерим Анапия менен Дилбарды да эл жакшы таанышат. Атам менен апам эки айрылыш жолго түшкөндө мен 4 же 5 жашар болсом керек. Апам: “Кызым, сен улуу таланттын кызысың, эстүү кыз болуп чоңой, атаң элине кадыр-баркы бар, мүнөзү жөнөкөй ошол эле учурда бийик инсан” – деп атам тууралуу дайыма жакшы сөздөрдү айтып, жайкы каникул сайын мени айылга жөнөтүп турчу.

Атам борборго гастролдоп келгенинде эки-үч күн болсо дагы атамдын жанынан такыр чыкчу эмесмин. Кайра Ошко кайтарда терезеден карап, көзүмө жаш алчумун. Ошол күндөрдү эстесем көөдөнүмө батпай кетем. Апам ар күнү менин багымды тилейт, ыймандуу жигитке туш болушумду Жараткандан суранат. Келечекте атам көрбөй кеткен мен багындырчу ийгиликтериме Кудай буюрса апам ортоктош болсо экен деп көп ойлоном. Дайыма каникул сайын атама жөнөтүп турчу.

- Акмаанай Эшбаева дагы элге таанымал кыз. Эжең менен катташып турасыңбы?

- Ооба. Жашырганда эмне, менин жашоомдо болгон окуяларды тагдыр деп кабылдайм. Атамдын биринчи жубайы Инабат апамды аябай жакшы көрөм. Мен үчүн алтын адам десем болот. Айылга барганымда өз кызындай эркелетип, кайра үйгө кайтканда тыйын-тыпыр берип жөнөтөт. Ал эми Акмаанай, Актилек, Аксаамай эжелерим менен байма-бай катташып турамын.

- Атаң сени кантип эркелетчү?

- Атам мени дайыма “мама кызым, мама козум” деп эркелетчү. Ушунчалык баласаак эле. Мүнөзүм апамды тартып шайыр болсо, өң-келбетим атама куйуп койгондой окшош. Атамдын үнү оригиналдуу өзгөчө талант болчу. Мен негедир атамды көргөндө эркелеп эле жүрө берип, ырларына анчейин көңүл бөлбөй жүрчү экем. Азыр эми бардык ырларын уюлдук телефонума көчүрүп алып, жатаарда угуп уктап калам. Атама болгон кусалыгымды кайталангыс обондорун угуп өзүмдү алаксытып жашап келемин. Кудай буюрса, атамдын обондорун унуткаарбай, ырдап жүрөм деген изги тилегим бар.

- Атаңды акыркы жолу көргөнүңдү эстей кетсең...

- Атам каза болоор жылдын май айларында борборго келип калды. Акмаанай эжемдин үйүнө барып, атамдын келгенине көйнөгүмө батпай кубанганымдын күнү бүгүнкүдөй эсимде. Экөөбүз КРнын эл артисти Гүлсүн Мамашеванын концертине барганбыз. Концерттен чыксак жаан себелеп жатыптыр. Ошол жаанда жөө басып үйгө чейин келдик. Ошондо кеп-кеңештерин, акыл-насааттарын бир кайрылып келбечүдөй айткан эле. Менин да жүрөгүм сезгенби, атамды бекем кучактап, анын жытына тойбой, кой бергим келбей эркелеп, кыялдарымды айтып жаттым. Бирок ошондон көп өтпөй Ошко барганда узап кете берди. Атам бул жашоодо кадыр-баркы менен татыктуу жашап өттү. Артында өлбөс-өчпөс аты калды. Мен Токон Эшбаевдин кызы экениме абдан сыймыктанам.

- Чыгарамачылыктагы жаңылыктарың...

- Мен Мукаш Абдраев атындагы музыкалык окуу жайдын скрипка бөлүмүн аяктагам. Азыр Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваторияда 2-курста билим алып жатамын. Алгачкы ырым атамдын обонуна таандык “Акманым” аттуу ырды ырдап чыкканмын. Жакында эле сөзү Муктар Шахановдуку, обону Шамшы Калдаяковго таандык  “Кайдасың бул күндө” деген ырды белгилүү ырчы Замир Арыкбаев менен дуэт ырдап чыктык. Кудай буюрса, атамдын атын өчүрбөстөн, обондорун ырдап жүргөндү ниет кылдым. Чыгармачылыкта мен багындырчу ийгиликтер али алдыда.

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости