www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан 2022-жылы ЖЕЭК жыйынына төрагалык кылат

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 11-декабрда өкмөттүн кезектеги кеңешмесин өткөрдү.

Күн тартибинде 10 маселе каралганын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Расмий маалыматка караганда, Жапаров 2022-жылы Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына төрагалык кылуу Кыргызстанга өтөрүн жана анын артыкчылыктарын белгилеген.

Кеңешмеде "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" Улуттук холдинг компаниясын" түзүү, "Кыргыз темир жолу", казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредиттик карызын жабуунун механизми тууралуу, лицензиялык-уруксат берүү тутумуна байланыштуу маселелер каралды. Жыйынтыгында айрым документтерге кол коюлду.

10-декабрда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйыны өтүп, ага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров онлайн катышкан.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы ЖЕЭКке мүчө мамлекет башчыларына 2021-жылы аткарылган иштердин жыйынтыгы жана 2025-жылга чейинки Евразиялык экономикалык интеграциянын стартегиялык багыттарын өнүктүрүүдө камтылган иш-чаралардын аткарылышы боюнча маалымат берилерин кабарлаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости