www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 11-декабрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин Командачылыгында, И.Арабаев атындагы мамлекеттик университеттин жана Кыргыз мамлекеттик юридика университетинин студенттери үчүн Ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ички аскерлердин биринчи колбашчысы генерал-майор Анарбек Шамкеевди эскерүү иш-чарасы өткөрүлүп, Командачылыктын аскер кызматчыларынын, ардагерлердин, студенттердин жана Анарбек Шамкеевдин жакын туугандарынын катышуусунда эстелигине гүлчамбарлар коюлду.

Ошондой эле, меймандардын назарына Ички аскерлердин кыскача тарыхы тууралуу даректүү тасма тартууланды.

Белгилей кетсек, Ички аскерлердин музейине, жоокер ашканасына жана жоокерлердин казармага болгон экскурсия учурунда, студенттерге тамак-аштын сапаты, жоокерлерге түзүлгөн шарттар жана Ички аскерлердин ишмердүүлүгү менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк болду.

Иш-чаранын соңунда, студенттердин назарына 702 жана 714 бөлүгүнүн аскер кызматчылары тарабынан даярдалган саптык даярдыктын көнүгүүлөрү жана кол уруш боюнча ыкмалар тартууланып, аскердик техниканын жана курал-жарактын көргөзмөсү менен аяктады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости