www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир жигит таштап кетсе, экинчиси гүл көтөрүп босогомо келди

Мени азапка салышты... Кызыгы тараган эски оюнчуктай болуп заматта обочодо калдым. Канча ирет чалып, телефонун ала албаган сүйүктүүмдү микроавтобустун терезесинен көрдүм. Шаар борборунда жапжаш кызды жетелеп алып, бактылуу кетип баратты.

Үйгө кантип жеткеним эсимде жок, сулк жыгылдым. Баары маанисиз, бул дүйнө кызыксыздай сулк жата бердим. Бир акылмандын “ар бир оор окуя 72 саат убакыт өткөндөн кийин унутула баштайт” деген кеби эсиме түштү. Сааттын чыкылдаганы гана утулат. Шыпты тиктеп, кудум жиндиканада жаткандай бир күн өттү.

Бир убакта эшиктин коңгуроосу басылды. Эч кимди көргүм келген жок. Бирок менин үйдө экенимди билгендей шыңгыратууну уланта берди. Акыры ачууга туура келет. Гүл көтөрүп кошуна бала турат.

- Тынчылыкпы? Сага эмне болду? - деп суроо узатты. Ар бир күнү менин келгенимди, кеткенимди көзөмөлдөп, сыртыман көз салып жүргөнүн, бүгүн сыртка чыкпаганыма кыжалат болгонун айтып жатты. Мен азап тарткан мырзадан сымбаттуу, жаш, билимдүү жигитти мурда эч байкабапмын. “Бул менин тагдырым” деп ичимден күбүрөндүм...

Булак: Азия News гезити

Последние новости