www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Калича эже бир гана Токтоболот Адбумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрдын эң алдыңкы актрисасы болуп тааанылбастан, көркөм сөз чебери экени да белгилүү. Станиславскийдин айтканы бар, көркөм сөз өнөрү актёрдук чеберчилиги өнөрүнөн дагы күчтүү деп. Актёрдук чеберчиликте кыймыл-аракет менен жасап жан-дүйнөcү менен кошо  иштейт окшобойбу.

- Мыкты устаттан “антип калды, минтип калды” деген сөздөрдү эшитпейсиӊ. Устатыӊыз туурасында уксак...

- СССРдин эл артисти Даркүл Күйүкова-менин устатым экени мен үчүн чоӊ бакыт. Башкаларга кандай билбейм, Даркүл эже ички туйгусун эч билдирчү эмес. Устатым аткарган ролдордун көбүн ойнодум. К. Маликов менен А. Куттубаевдин “Жаӊылын” Жаӊыл кылган Күйүкова эле. Эжеге дагы ушул ролу мүнөзүнө шайкеш келип туруп алды. Себеби, жашоодо дагы эркек мүнөз, кайраты күч бир бөтөнчө инсан эле. Бир жолу Даркүл эже ойногон “Жаӊылды” аткарганымда спектакль бүткөн соӊ, эженин буту ооруйт эле, эки жагынан эки курбусу сахнага жетелеп алып чыкканда, бир курбусу : “...ай, Даки, сага жетпей калды” деди. Мына ошондо улуу устатымдын: “...силер эмнени билип коюпсуӊар, мен Жаӊылды тээ 1940-жылы ойногом, Калича азыркы көрүүчүлөргө ынанымдуу, жеткирерлик сонун эле ойноду” дегени эч эсимден кетпейт. Адамдык сапаты дагы бийик, жумшак мүнөз, жөп-жөнөкөй устат эле. Кийинкиге айта турган асыл адамдар атын түбөлүккө ушинтип калтырышат экен да.

- Айтматов сиз үчүн...?

- Айтматов жалгыз бир гана мен үчүн эмес, кыргыз элинин бактысына жаралып калган улуу феномен. Ааламды өзүнө батырган адабият айдыӊында чебер сүрөткер. Анын чыгармаларын ар бир курак өз алдынча кабылдайт. Бала чакта окуган повестеринин башкача кабыл аласыӊ. Студент кезде башкача көз карашта жан дүйнөӊө сиӊиресиӊ.

Ал эми акылга тунуп турган куракта такыр башка. Анын алгачкы аӊгемелери, повестери негедир жөнөкөйлүгү менен элге жакын эле. Кийинчерээк романды философиялык ой-толгоолорго бай, татаал чыгармалардан болуп калды. 80-жылдары Ленинграддан 5-курстагы студент баланын макаласы гезитке чыгат. Союз маалында дүркүрөп аябагандай сенсация болгон.

Мааниси: “...Айтматов романдарын жаза баштагандан тарта өзүн жоготту” деп катуу жазганын улам бизге да жеткен. Алгачкы повесттерин казып окуп гана койбостон, ар бир деталына чейин талдап окугандан ушундай макала жазып чыкты деп аябай таӊ калгам.

Романдарына келгенде өзүнүн чыгып кеткен философия ой жүгүртүү башка да. Мен студенттер менен иштешкендиктен, дүйнө классиканы койгула, баарын токтотуп, Айтматовдон баштагыла деп айтамын. Себеби, кыргызды дүйнөгө тааныткан Айтматовду кыргыз билбесе уят! Студенттер окуп келген чыгармаларын ортого чыгарып талдайбыз.

- Айтматовдун кайсы чыгармаларында образ жаратып калдыӊыз?

- “Саманчынын жолу” спектаклинде 3 жолу коюлган. Мен ошондо экинчи жолу коюлгандардын катарына кирип каламын. Режиссёрубуз Искендер Рыскулов: “Калича, “Саманчынын жолу” китепти окудуӊбу десе, ооба, агай, окугам” дей берчүмүн. Ал сураганын койбойт, мен жооп бергенимден тажабайм.

Толгонайдын образын мага сунуштаса, коюӊузчу агай, 38 жашымда Толгонайды аткарамынбы деп болбой койгом. Болбой акыры чыгарманы кайра окуттурду.  Үйдө эч ким жок эле. Чыгарманы окуп жатып бир бышактап ыйлайм. Кантсе да Искендер Рыскулов өз кесибинин устасы эмеспи. Бекеринен кайра оку дебептир да деп калдым. Ошол чыгарманы кайрадан жүрөгүм менен кабыл алышымды күткөн тура. Ошентип, Толгонайды аткарып калдым.

- Айтматовдун терс каармандарына кандайча баа берет элеӊиз?

- Айтматовдун бийиктиги ошол терс каарманынын дагы өтө жек көрүнүчтүү кылып көрсөткөн эмес. Себеп Айтматовдун чыгармаларында гумандуулук, нравалуулук башкы ролду ойночу. Мисалга алсак: “Ак кемедеги” Орозкул, ал деле начар адам эмес. Себеби, ал дагы тукум улагысы балалуу болуп бактылуу болгусу келген. “Бетме беттеги” Ысмайылды алсак, ал такыр эле согушту каалаган эмес, эл катары үй-бүлөсү, баласы менен очор-бачар болуп тынч заманда жашагысы келген. “Кызыл жоолук жалжалымдагы” Кадича өз сүйүүсү менен акырына чейин күрөштү, бирок аягы ал күткөндөй болгон жок. Сүйүүдө эки жактан теӊ махабат болушу шарт экенин тастыктап койду.

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости