www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ала-Букада жүргүзүлгөн үч күндүк

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыштуулуктун, бузуулардын алдын алуу жана коомдук коопсуздукту камсыздоо багытында уюштурулган 3 күндүк рейд жыйынтыкталды.

Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, анын алкагында айдоочулардын жолдо жүрүү эрежелерин көзөмөлдөө, жарандар тарабынан коомдук жайларда санитардык нормалардын сакталуусун жөнгө салуу жана коронавируска каршы түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш-чара 2 этаптан түзүлүп, аба ырайынын катаал шартына карабастан ийгиликтүү ишке ашырылды.

Биринчи этабында Ала-Бука районунун Өрүктү, Орто-Токой, Достук, Сары-Талаа айылдарында жана Чолок-Тума участкасында посттор уюштурулуп, ар бир турак үйлөрдө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун, мүлк жана мал уурулуктун алдын алуу багытында маалыматтар жеткирилип, коронавирустан сактануу керектиги эскертилди.

Экинчи этабында түнкү мобилдик топтор түзүлүп, Ала-Бука, Өрүктү, Ак-Там айыл аймактарында, район борборунда жана Жаңы-Шаар, Алма-Бак, Сары-Талаа участкаларында рейддер жүргүзүлдү.

"Тартип" операциясы учурунда жалпы 2 миң 450 адамды камтыган 815 кожолук текшерүүгө алынып, райондук ички иштер бөлүмүндө даярдалган атайын эскертме баракчалары таратылды.

Аталган иш-чаранын натыйжасында бир жаран атасынан калган сайсыз ок атуучу куралын өз ыктыяры менен тапшырган. Коомдук жайда спирт ичимдигин ичип алып, мас абалда жүргөндүгү үчүн бир адамга протокол түзүлгөн. Алимент төлөөдөн баш тарткандыгы үчүн издөөгө алынган бир жаран кармалып, тиешелүү кызматтарга өткөрүлүп берилген. Ошондой эле ишенип берилген мүлктү ыйгарып алууга жана алдамчылыкка шектелип 2 жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости