www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

UFC уюмунун кезектеги турниринде бир күндө беттешке чыгып, экөө тең жеңишке жетишкен эже-сиңдилер Антонина менен Валентина Шевченконун апасы алтын медаль тагынды. Елена Шевченко IFMA тай боксу боюнча дүйнө чемпионатында жеңишке жетишкен.

Турнир онлайн режимде өтүп, кыргызстандык Е.Шевченко 40 жаштан жогорку курактагылар арасында күч сынашты. Ал 3 раундда техникаларды көрсөткөн.

Елена Шевченконун жалгыз атаандашы америкалык Паскаль Фернандес болуп, алар дароо финалга чыккан. Жыйынтыгында Шевченко 30-27 эсеби менен жеңишке жетишип, дүйнө чемпиону болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости