www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аламүдүн районунун акими Таалайбек Жайылов көз жумду

Аламүдүн районунун акими Таалайбек Жайылов көз жумду. Бул тууралуу Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын кызматкери Азамат Дүйшөнбай уулу социалдык баракчасына жазды. 

--Кыргыз эли, анын ичинен Аламүдүн, Токтогул райондору чоң жоготууга учурады. 52 жашында Аламүдүн районунун акими Жайылов Таалайбек Ташиевич жүрөгү кармап, мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Таалайбек Ташиевичтин мезгилсиз дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери, мекеме-ишканалардын, айыл аймактардын башчылары жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт", - дейт ал. 

• Жайылов Таалайбек Ташиевич 1969-жылдын 21-октябрында Токтогул районунун Сары-Сөгөт айылында жарык дүйнөгө келген.

• 1986-жылы орто мектепти аяктаган соң эмгек жолун Нарын совхозунда баштаган.

• 1987-1989-жылдары Советтик армиянын катарына чакырылып, Афганистанда кызмат өтөгөн.

• Жогорку билимдүү, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетти аяктаган. 2012-жылы Президенттин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясында менеджмент адистиги боюнча билим алган.

• 1990-2001-жылга чейин Совет совхозунда жумушчу, Шыкмамат айыл чарба коперативинде бухгалтер кызматтарын аркалаган.

• 2001-2008-жылдары Токтогул районунун Бел-Алды айыл аймагынын почта бөлүмүнүн башчысы.

• 2008-2019-жылдары Бел-Алды айыл өкмөтүнүн башчысы.

• 2019-2021-жылдары Токтогул районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким.

• 2021-жылдын 22-майынан бери Кыргыз Республикасынын Президенттинин буйругу менен Аламүдүн районуна которулуп келип аким болуп иштеп жаткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости