www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Башка мамлекеттерде тамекиге каршы күчтүү мыйзамдар иштеп жатат”, - деди бүгүн, 10-сентябрда Республикалык саламаттыкты сактоо борборунун чылымга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Чынара Бекбасарова.

--“Чылымды мектеп жана башка жайлардан 100 метр алыстыкта сатуу керек. Бирок, ал талап аткарылбайт. Мектептин жанындагы дүкөндөр, жада калса даналап сатып жатышат. Кыргызстанда тамекини даналап сатууга тыюу салынган”, - дейт ал.

Фонддун иликтөөсүнүндө тамеки түтүнү коомдук тамактануучу жайларда нормадан ашыкча экендиги аныкталды.

“Атайын тамеки чегүүчү жайы бар жерлерде дагы түтүн жалпы нормадан ашып турат. Демек ал жерге келген кардарлар, жаш балдар жана кызматкерлер зордоп чылым чегип жаткандай эле абалда. Түтүн аркылуу дем алып, ден-соолугуна гана зыян тийгизбей, көнүп калышы дагы ыктымал”, - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости