www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМ Орозайым Нарматова боюнча билдирүү жасады

ИИМ активист Орозайым Нарматованын кармалганы боюнча маалымат таратты.

«Кыргызстандагы коомдук-саясий абалды туруксуздаштырууга багытталган мыйзамсыз иштерге бөгөт коюу максатында интернет айдыңында анализдөө жана мониторинг иштери жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында Москва шаарындагы «Мен макулмун» жана «Менин укугум бар» коомдук кыймылдарынын лидери, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова бир нече жылдан бери Россияда эмгектенери, аталган коомдук кыймылдардын мүчөлөрү менен бирге чогулуш жана конференцияларды уюштуруп турары аныкталды.

Ал иш-чараларда Нарматова мигранттардын, ошондой эле Кыргызстанда жашаган жарандардын арасында нааразычылыкты көбөйтүү үчүн дайыма Кыргызстандын бийлик өкүлдөрүн негизсиз сындап келет. Нарматованын билдирүүлөрүндө жагымсыз пикир жана бийлик өкүлдөрүнүн ишин дискредитациялоо бар. Анын аракети аймактар аралык кастыкты козутууга жана бийликти күч менен басып алууга шарт түзөрүн айгинелейт», - деп айтылат маалыматта.

Чогултулган материалдар Жазык кодексинин 313-беренесинин (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) 1-бөлүгү менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

ИИМдин Тергөө кызматынын тапшырмасы менен Нарматова Ош шаарындагы аэропортто кармалган. Учурда аны ИИМдин Тергөө кызматына жеткирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости