www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалгыз агасын жоготуп, кан жутуп, мекенине келген кызды аэропорттон кармап, күч менен алып кетишкени эч бир салтка, адамгерчиликке жатпай турган көрүнүш. Мындай пикирди Жогорку Кеңештин депутаты өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

"Оппозициячыл "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, активист Орозайым Нарматованын милиция тарабынан кармалышы чектен чыккан иш болду.

Жалгыз агасын жоготуп, кан жутуп, мекенине келген кызды аэропорттон кармап, күч менен алып кетишкени эч бир салтка, адамгерчиликке жатпай турган көрүнүш. Ал коркунучтуу кылмышкер эмес. Орозайым жаш экенине карабай кайсы бийлик болбосун өз оюн эркин айтып, позициядан тайбаган эр жүрөк атуул.

Кыргызстанда миллиондогон коррупциялык иштерге шектелгендер ээн-эркин сайрандап жүргөндө активисттин "жети түндө" аэропорттон күч менен кармалышы укук коргоо органдарына, бийликке абиийр алып келбейт.

Орусияда миллиондогон мигранттар сыяктуу эмгектенип жүрсө да мекениндеги окуяларга кайдыгер карабаган Орозайым Нарматовага өз өлкөсү, өз элинде мыйзамсыз мамилени ачык айыптайм.

Жогорку Кеңештин депутаты катары күч органдарынан кеңири түшүндүрмө жана Орозайым Нарматованы тез арада бошотууну талап кылам!" - деп билдирген эл өкүлү Жанар Акаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости