www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 2020-жылы жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болгондордун саны 19,4%га көбөйгөн. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Омор Касымов билдирди.

Анын айтымында, карантин учурунда адамдар көбүрөөк тамеки тартып, туура эмес тамактанып жана активдүү жашоо образын азайтты.

“Коронавирус ар бир үй-бүлөгө залалын тийгизди, айрымдары ооруду, айрымдарынын жакындары кайтыш болду. Мындан улам кээ бирлеринин стресстен кан басымы көтөрүлүп, айрымдары тамеки чегүүнү көбөйттү. Азыр өлкөдө көптөгөн эркектер орто жашка чейин жашабайт. Статистика боюнча өлкөдө ар бир экинчи эркек киши тамеки тартат. Ал эми пассивдүү тамеки чегүү мындан дагы коркунучтуу, бул - тамеки түтүнүн жуткан адамдар. Биз бийликке кайрылып, жарандардын тамеки түтүнү жок таза абада болуу укуктарын коргой турган мыйзам долбоорун колдоого чакырабыз”, - деди ал.

Тамекини сатуу жана чегүү боюнча мыйзам долбооруна өзгөртүү сунушталууда. Ага ылайык тамекини дүкөндөрдө дагы жарнамалоого тыюу салынат. Андан тышкары, коомдук жайларда, спорттук жана балдарга арналган иш чаралар өткөн жерлерде тамеки чегүүчү жайлары болбошу шарт. Аны менен бирге тамекинин зыяндуулугу боюнча жарнаманын аянтчасын көбөйтүү сунушталат.

“Тамеки чегүүгө тыюу салынган коомдук жайларга автовокзал жана коомдук тамактануучу жайлар кирбей калган. Эми аларды да киргизүү керек”, - дейт дарыгер.  

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматында, Кыргызстанда жыл сайын 6 миң жакын адам никотинге ууланып көз жумат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости